• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы Ысык-Көлдө балдарга уюштурулган эс алуу тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Бишкек мектептеринин 230 окуучусу 6 автобус менен Милициянын кайгуул кызматкерлеринин коштоосунда эс алуудан келишти.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуучулар Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Жалын» жайкы лагеринде 10 күн эс алышты.

"Алар күн сайын көлгө сүзүп, 12 отряддын ортосунда достук ырлары, Кыргызстан жөнүндө ырлар, дүйнө элдеринин бийлери, жомокко саякат, викториналар, пионербол боюнча атаандаштык, волейбол, футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Ошондой эле көлдүн жээгинде Нептун күнүнө карата театралдаштырылган майрам өткөрүлдү. «Рух-Ордо» тарыхый комплексине барып, Алыкул атындагы чоң кемеге түштү. Лагерге планетарий келип, анда балдар космос тууралуу тарбиялык мультфильм көрүштү", - деп белгилешти мэриядан.

Акыркы күнү жетектөөчүлөр тарабынан балдар үчүн концерттик программа тартууланып, соңунда көл жээгинде коштошуу салюту атылды.

Пикир

Оставить комментарий