• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы өзгөчө абал режими алынгандан кийин шаарга кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн кароодо

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы өзгөчө абал режими алынгандан кийин шаарга кирүүнү чектөө мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө абал режими алынгандан кийин Бишкек мэриясы транспорт каражаттары менен адамдардын шаарга кирүүсүнө бир катар чектөө чараларын киргизүү маселесин караштырып жатат. Алардын арасында ПЦР-анализ тапшыруу же экспресс-тесттен өтүү чаралары бар.

“Ошондой эле Бишкек мэриясы калктуу конуштарда карантиндик чараларды күчөтөт, мындан тышкары райондук администрациялар менен биргеликте санитардык посттор уюштурулуп, ооруну жуктургандар жана байланышта болгондор аныкталган очоктор текшерилет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий