• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы жаңы автобустарды жеке компанияларга лизингге берүүнү көздөөдө

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жаңы сатып алынган автобустарды кызыкдар компанияларга лизингге берүү маселесин кароону тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Мындай тапшырманы мэр кечээ, 24-мартта мэриянын пландык жыйынында өзүнүн орун басары Муратбек Осмоновго жолдоду.

Эскерте кетсек, мэрия Кытайдын Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd компаниясынан 1 млрд сомго газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алган. Акча шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстанга автобустар үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында келе баштаган жана февраль айынын ортосунан баштап линияга чыга баштаган.
Ар бир автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анда 26 орундук жана майыптыгы бар жарандар үчүн дагы орундук бар.

Пикир

Оставить комментарий