• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек мэриясы жарандардан унааларын жол жээгине калтырбоону суранат

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы жарандардан унааларын жол жээгине калтырбоону суранат.

Маалыматка ылайык, жол четиндеги унаалар карды тазалоо үчүн атайын техникага тоскоол болууда.

Мэриядан билдиришкендей, “Тазалык” муниципалдык ишканасы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

“Борбор калаанын жолдорун тазалоо жана туз, кум себүү иштерине 27 атайын техника жана жол тейлөө башкармалыгынын 30 жумушчусу тартылган. Ошондой эле шаардын көчөлөрүндө 648 көчө шыпыргыч жана 115 жүк ташуучу, 40 атайын техника иш алып барууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий