• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясы айдоочуларды унааларын бактардын алдына токтотпоону өтүнөт

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бишкекте кар аралаш жамгыр жаап, абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу мэрия жол кырсыктарын жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн айдоочуларды унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын колл-борборуна: 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабарлңыз. Ошондой эле сүрөт жана видео фактыларды 0554 -182-185 номери боюнча жөнөтсөңүз болот.

Пикир

Оставить комментарий