• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек мэриясы жардам катары 4 кычкылтек концентраторун алды

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. “Адал азык” компаниясы (“Тойбосс” соода маркасы) Бишкек шаарынын мэриясына жардам катары 4 кычкылтек концентраторун берди.

Мэриядан билдиришкендей, вице-мэр Татьяна Кузнецова көрсөтүлгөн жардам үчүн аталган компаниянын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирген.

“Концентраторлор шаардагы төрт стационарга бөлүштүрүлөт: “Газпром” Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, Спорт ордосу, Р. Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси жана “Бишкекнаабайканасы” муниципалдык ишканасы”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий