• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясы жеңилдетилген “Тулпар” карталарын берүүнү жандантты

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы жеңилдетилген категориядагы жарандарга “Тулпар” кызыл карталарын берүүнү жандантты.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, карталар эртең мененки 9:00дөн кечки 18:00гө чейин төрт райондогу тейлөө борборлорунда берилет.

“Бардык берүү пункттарында пенсионерлердин коопсуздугу үчүн санитардык талаптар сакталып, тазалагычтар орнотулуп, маска режими киргизилген”, - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлигинен кошумчалашкандай, “Тулпар” карталарынын артыкчылыктары айдан ачык: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок.

Эскерте кетсек, карта менен төлөө автобустар менен троллейбустардын кире бериш эшиги аркылуу жүргүзүлөт.

Берүү пункттары:

Ленин акимиаты - Чүй проспектиси, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);

Октябрь акимиаты - Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);

Свердлов акимиаты - Чүй проспектиси, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);

Биринчи май акимиаты - Жибек Жолу проспектиси, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет)

Шаардык коомдук транспорттун иши жөнүндө ой-пикириңизди калтырып, жол кыймылынын эрежелерин же санитардык талаптарды одоно бузгандыгына күбө болсоңуз, сүрөттөрдү жана видео фактыларды бизге жибериңиз:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;

Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905;

Тулпар: 582000, почта: feedback@tulpar-card.kg

Пикир

Оставить комментарий