• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек мэриясы жолдорду оңдоону баштады, бир катар жолдор жабылды (тизме)

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Борбордук муниципалитеттин капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан шаардын жолдорун оңдоо боюнча даярдык иштери башталды. Ага ылайык, айрым жолдордун бөлүктөрү унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдөгү унаа кыймылы токтотулду:

- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин. Узундугу 02 км, туурасы 12 метр. Болжолдуу маалымат боюнча, оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылы 30-июнга бүткөрүү пландалууда.

- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакинск көчөсүнө чейин. Узундугу 3,23 км, туурасы 11 метр. Оңдоо иштерин бүткөрүү 18-августка пландалууда.

Ошондой эле, жакын арада төмөнкү көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери башталат:

  • Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
  • Токомбаев көчөсү 12-кичирайондон Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
  • Профсоюзный көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанайск көчөсүнө чейин;
  • Л.Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
  • Көлбаев көчөсз Лермантов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
  • Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн “Ак-Ордо” конушундагы Айбийке көчөсүнө чейин;
  • Жамгерчинова көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандардан алдын ала жол тандап айдоону өтүнөт.

Маалымат үчүн: капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат боюнча шаардагы жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү”долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кытай Элдик Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген кытай грантынын каражатынын эсебинен жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий