• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясына бир аптада 1,6 миңден ашык жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. 2-8-июнга чейин Бишкек шаардык мэриясына шаар тургундарынан 1миң 647 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын 353 кайрылуусу катталгандыгын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Катталган кайрылуу жана арыздардын ичинен 218и аткарылган.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясында 24 саат бою, тынымсыз, сиздердин кайрылуу же арыздарыңыздар үчүн, 185 жана 1840 телефондору кызмат кылат. Ал эми сүрөт жөнөтүүгө 0554 -182-185 телефон номери иштеп жатат.

Ошондой эле, мэриянын өкүлдөрү шаар тургундарын жаралган маселе боюнча төмөнкү телефон номерлерге кайрылуусун өтүнөт.

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.

Пикир

Оставить комментарий