• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясына бир жумада 280 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 25.08.17. /Кабар/. 18нен 24-август аралыгында шаардык мэриянын чалуу борборуна 280ге жакын арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Катталган арыз жана кайрылуулардын 70 аткарылды.

Бишкек шаарынын мэриясы билдиргендей, шаар тургундары ыкчам чараларды көрүү “185” жана “1840” номерлерине күнү-түнү чалууларды жүргүзө алышат. Көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жиберүүгө болот.
Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Пикир

Оставить комментарий