• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясынан жаңы сейил бактардын жана гүл бакчалардын курулушу тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардагы сейил бактарды, жашыл аймактарды көбөйтүүнү улантып жатат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, азыркы тапта шаардын түштүк бөлүгүндө эки парктын жана түндүк бөлүгүндө бир парктын курулушунун үстүндө иш алып барууда. Ошондой эле Азербайджан өкмөтү тарабынан «Достук» паркы курулуп жатат.

«Жакында биз «Адинай» жана «Түлөбердиев» атындагы сейил бактарынын курулуш иштерин бүтүрүп, шаар тургундарына бердик жана М.Горький атындагы гүл бакчаны реконструкциялоону жыйынтыктадык», - деп айытылат билдирүүдө.

Балдар үчүн жаңы «Балалык» сейил багы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Дайыр Асанов атындагы сейил бактын маңдайында жайгашкан. Анын аянты он гектардан ашык. Сейил бакка фонтандарды, отургучтарды орнотуу, сейилдөө үчүн жолдорду жана веложолду куруу каралган. 900 көчөт жана бадалдарды отургузуу пландалууда. Гүлдөр отургузула турган аянт 1.700 чарчы метрди түзүп, көк майсан 79,365 чарчы метрге, 8 гектардай жерге себилет.

Фонтандар даярдалып бетондолду, инженердик түйүндөрү толугу менен төшөлдү. Заманбап сугаруу тутуму дагы каралган. Сейил бактын ичин жарыктандыруу үчүн 186 заманбап чырактарды орнотууга даярдыктар көрүлүп, 3700 метр электр түйүндөрү тартылды. Сейилдөө үчүн жолдорго таман таштар төшөлүүдө.

Курулуштун наркы 74,7 миллион сом. Курулуш иштери шаардык бюджеттен жүргүзүлүп, бөдрөтчү «Ак Ниет Курулуш» ЖЧКсы аткарып жатат.

Шаар бийлиги билдиргендей, «Балалык» сейил багынан бир аз өйдөрөөк Азербайджан Республикасынан шаардыктарга белек катары «Достук» сейил багы курулуп жатат.

Сейил бактын аянты 5,5 гектарды түзөт, ичинде фонтандар, декоративдүү бассейндер, ачык амфитеатр жана отургучтар, балдар аянтчасы каралган.

Белгилей кетсек, инженердик түйүндөрүн төшөөгө каражат шаардык бюджеттен каралган, калган курулуш иштери Азербайджан Республикасынан каржыланып жатат.

Ошондой эле аянты 8,4 га түзгөн «Ынтымак» сейил багынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Жашыл аймактын үстүнөн «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекжарык», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканалары иштеп жатат. Долбоор «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына таандык.

Учурда тротуарларды, спорт аянтчаларын жана унаа токтотуу жайларын куруу үчүн жерди даярдоо жүргүзүлүп жатат.

Сейил бакта «Ротари Интернешнл» клубунун өзгөчө балдары үчүн инклюзивдүү аянтча каралган, ал жерде кичинекей, өзгөчө шаардыктар үчүн атайын шарттар түзүлөт.

Дагы бир сейил бактын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул сейил бак 7,4 гектарды түзүп, Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Азыркы учурда тротуарларга таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлүп, ирригациялык түйүндөр орнотулууда. Жалпы жумуштун 80% аткарылды. Тротуарларга, веложол жана чуркоо жолдоруна, ошондой эле балдар жана спорт аянтчаларына таман таштарды жана асфальт төшөө үчүн жер даярдалды. Кире бериштин курулушу жыйынтыкталып, футбол талаасы жана кийим алмаштыруу бөлмөсү курулуп бүттү. Эки даараткана курулуп, ага тышкы инженердик түйүндөрү төшөлдү.

Жаңы сейил бактын курулуш иштерин мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен подрядчы «Российская строительная компаниясы» аткарып жатат. Долбоордун наркы – 58 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттен каралган.

Мэриядан баса белгилешкендей, жаңы коомдук жайларды куруу графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий