• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешмесинин жүрүшүндө жаңы дайындалган кызматкерлерди жана жетекчилерди жамаатка тааныштырды.

Бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө сынагынын жыйынтыгы боюнча:

- Жер ресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Сагындык уулу эми калаанын жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри кызматын аркалайт;

- Анарбеков Абдес Сыпарбекович Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды, ал буга чейин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген;

- Камчибекова Мырза-Айым Афтандиловна Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

- Осмонов Асхат Арысланбекович мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси;

-«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын башчысы Наматов Нурлан Аманович, анын орун басары болуп Медербеков Тынчтык Муратбекович дайындалды.

- «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасын Курпердиев Адилет Абдымиталипович жетектейт;

- Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын милдети убактылуу Турдугулов Бакай Болотбековичке жүктөлөт. Ал ушул эле башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башысы болуп эмгектенип келген.

Пикир

Оставить комментарий