• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жетекчиси болуп Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович дайындалды. Буга чейин ал КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп иштеген.

Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

Ошондой эле Азамат Абсаттаров Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин басма сөз катчысы болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий