• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бишкек мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мэриянын борбордук аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүнүн башчысы болуп Беккул Жекшенкулов дайындалды. Ал буга чейин жеке сектордо жана эл аралык уюмдарда иштеп келген.

Ал эми Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Болотбек Апилов дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий