• 84.78
  • 99.84
  • 1.17

Бишкек мэриясында кезектеги пландык жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кезектеги пландык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында "Бишкекжашылчарба", "Шаардык парктар" муниципалдык ишканаларынын иши, ошондой эле борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

Мэриядан билдиришкендей, 2021-жылдын башынан бери коронавирустук инфекциянын 33 миң 164 учуру катталган, анын 29 миң 171и лабораториялык тастыкталган жана 3993 клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган пневмония.

Оорунун жаш курагы боюнча талдоосу көрсөткөндөй, оору жуккан адамдардын көпчүлүгү 30-64 жаштагы 58,2%, 64 жаштан жогору курактагылар арасында катталган - 13,8, 18-29 жаш -19,2%, 14 жашка чейинки балдар - 6, 4%, жана 15-17 жаштагы 2,3%.

Жугуштуу коркунучту азайтуу жана коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында, санитардык эрежелерди көзөмөлдөө жана рейддик текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн күндөлүк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР "Бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 2 млн 916 миң сомго 1050 протокол түзүлүп, 711 эскертүү берилген.

Коронавирустук инфекция учурлары катталган мамлекеттик, муниципалдык уюмдарды, жеке ишкердиктин субъекттерин, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдү жана жеке секторду дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий