• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек мэриясында КР Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого даярдык көрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурум вице-мэр Виктория Мозгачеванын төрагалыгы астында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү боюнча жооптуу кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Шаардык бийликтен белгилешкендей, комитет Кыргызстандын президентинин 2020-жылдын 21-сентябрындагы №177 "Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө" жарлыгын, КРнын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 102-б, Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 116- р буйругун ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

“Комитеттин курамына борбордун вице-мэрлери, административдик райондордун башчылары жана тиешелүү шаардык кызматтардын башчылары кирген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий