• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясында КР мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Борбор калаанын муниципалитетинин алдында КР мамлекеттик туусунун 30 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров муниципалитеттин кызматкерлерин жана жалпы шаардыктарды маараке менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин коштоосунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу – тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болду.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана борбордук аппараттын кызматкерлер катышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында КР Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.

Желектин авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий