• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясында түрк ишкерлери менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында Түркиянын Кайсери шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Мустафа Курт төрагалык кылган түрк ишкерлер делегациясы менен жолугушуу өттү.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлагандай, Кыргызстандын атынан конокторду шаардык мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев тосуп алган.

Жолугушуунун алкагында тараптар курулуш, энергетика, жарыктандыруу, электрондук коопсуздук тутуму, лифттерди жасоо жана оңдоо маселелери талкууланган.

Түркиялык тарап жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип, талкууланган маселелер боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий