• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясынын 118 ыкчам байланыш кызматы штаттык режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын коронавирус боюнча 118 ыкчам байланыш кызматы штаттык режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январынан тарта 118 ыкчам байланыш кызматына 32 миң 92 кайрылуу келип түшсө, коронавируска шектелип 18 миң 509 анкета толтурулган.

“Бишкекте 8-июнда болгон катуу шамалдан улам коронавирус боюнча 118 кызматынын телефондук линиясы үзүлгөн, буга байланыштуу колл-борбордун иши убактылуу токтогон. Колл-борбор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" ишеним телефону аркылуу чалууларды убактылуу кабыл алып турган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, эгерде сиз ооруп жатканыңызды сезсеңиз, анда шаардын ҮМБ дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыз болот. Нөөмөттөгү дарыгерлер ар дайым сизге керектүү жардамдарды берүүгө даяр.

ҮМБнун ишеним телефондору жана каттоолору:

Ленин районунун БҮМБ: 0990 888030, 0312 644542;
№ 2 ҮМБ: 0990 888028, 0312 210357;
№ 11 ҮМБ: 0990 888029, 0312 311060;
№12 ҮМБ: 0990 888031, 0312 211732;
№13 ҮМБ: 0990 888032, 0312 657388;
№17 ҮМБ: 0990 888033, 0312 551106;

Октябрь районунун БҮМБ: 0990 888036, 0312 570291.
№15 ҮМБ: 0990 888015; 0312 426962
№18 ҮМБ: 0990 888035; 0312 568233
№19 ҮМБ: 0990 888019; 0312 571367

Биринчи май районунун БҮМБ: 0990888071; 0312 325232
№7 ҮМБ: 0990 888072; 0312 662044
№14 ҮМБ: 0990 888073; 0312 678274
CSM № 16: 0990 888074; 0312 541309

Свердлов районунун БҮМБ: 0701 103002; 0312 635123
№4 ҮМБ: 0701 103001; 0312 434007
№8 ҮМБ: 0701 103003; 0312 433907
№ 9 ҮМБ: 0701 103004; 0312 368830
№ 10 ҮМБ: 0701 103007; 0312 387814

Пикир

Оставить комментарий