• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясынын «185» кызматына бир аптада 736 кайрылуулар жана даттануулар түштү

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. 17-23-февраль аралыгында Бишкек мэриясынын «185» ыкчам жооп берүү кызматына шаар тургундарынан 736 кайрылуулар жана даттануулар түштү, алардын 122си катталды деп билдирди Бишек мэриясынын басма сөз кызматынан.

Телефон чалуулардын көпчүлүгү маалымат алуу мүнөзүндө болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы ыкчам жооп берүү кызматын модернизациялаган, эми шаардыктар 185 жана 1840 телефон номерлерине күнү-түнү чала алышат жана көйгөйлүү жагдайлар тартылып алынган фотографияларды 0554 -182-185 номерине менен жөнөтө алышат.

Ошондой эле, башкалаа муниципалитети шаардыктардан маалыматтык көмөк көрсөтүүлөрүн өтүнөт. Шаар тазалыгын сактоо жаатында төмөнкү жооптуу адамдарга кайрылсаңыздар болот:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи Май району) — 0558 33-66-40;
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.

Пикир

Оставить комментарий