• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясынын «185» кызматына өткөн аптада 635 кайрылуу жана даттануулар түшкөн

Коом 0

Бишкек, 12.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. 2017-жылдын 1-7-сентябрында мэриянын ыкчам жооп берүү кызматына шаар тургундарынан 635 кайрылуу жана даттануулар түшүп, алардын 170и катталды, деп билдиришти Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан.

Катталган кайрылуулар менен даттануулардын 88и аткарылган.

Калаа тургундары 185 жана 1840 телефондоруна күнү-түнү чала алышат жана 0554-182-185 номерине көйгөйлүү маселелер тартылган сүрөттөрдү жибере алышат.

Пикир

Оставить комментарий