• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери ээси жок батирлерди ээлеп алгандыгы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери ээси жок батирлерди ээлеп алгандыгы аныкталганын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин тергөө кызматы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонунун аймагында жайгашкан батирлер мэриянын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү экендиги аныкталды. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

"Мыйзамга ылайык, батирлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек. Бирок 2013-жылы Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда", - деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5инде Бишкек мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан башка даректердеги жашоочуларды аныктоо жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий