• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэриясынын алдында эркек киши тамеки чегип, түкүргөн – күбө (видео)

Коом 0


Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Бишкек мэриясынын алдында эркек киши тамеки чегип, түкүрүнүп тургандыгын күбө видеого тартып алган.

Видео 2019-жылдын 8-январь күнү тартылган.

“Кабар” агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ведомство сөзсүз түрдө бул боюнча малымат берет.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта КРнын "Бузуулар тууралуу" кодекси күчүнө кирген. Жаңы "Бузуулар тууралуу" кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө "Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" тууралуу айтылат. Ага ылайык, жеке тараптар 5,5 миң сом, юридикалык жактар 17 миң сом айып пул төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий