• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси дары-дармектердин баасын кымбаттаткандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев дары-дармектердин баасын кымбаттаткандарга жана башка кызыл кулактык кылгандарга кайрылды.

“Дары-дармектердин баасын кымбаттаткандар жана башка кызыл кулактык кылгандар биз баарын көрүп жатабыз. Бул күндөр да өтөт. Ошондо силер менен сүйлөшөбүз. Элдин арыз-муңунан акча жасаганды токтоткула. Ар кандай имиштерди чыгарып, дарыңарды сатканды токтоткула. Андан көрө элдин, шаардыктардын жанында болгула. Убагы келгенде эл силерге ыраазычылыгын айтат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий