• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек мэриясынын колл-борборуна 476 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Бир жумада Бишкек мэриясынын 185 колл-борборуна 476 арыз жана кайрылуу болгон. Алардын 77си катталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Чалуулардын басымдуу бөлүгү маалымат алуу, тактоо иретинде болгон.

Мэриянын басма сөз кызматы арыз жана кайрылуулар үчүн 185 менен 1840 номерлери күнү-түнү иштээрин билдирет. Ошондой эле жарандар 0554 182-185 номерине көйгөйлүү маселелер боюнча сүрөттөрдү жиберсе болот. Андан тышкары мэриянын ыкчам кызматы 1850 номери аркылуу арыз-даттанууларды кабыл алат.

Ошондой эле, калаа башчылыгы шаардагы көйгөйлүү маселелер боюнча төмөнкү жооптуу адамдарга кайрылууларын өтүнөт:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий