• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 416 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. 26-ноябрдан 2-декабрда чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 416 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 154 кайрылуу.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, келип түшкөн кайрылуулардын көбү сурап-билүү мүнөзүндө болгон.

"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыздар жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыздар", - деп эскертилет басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле шаар тургундары өздөрүнүн арыз жана кайрылууларын төмөнкү телефондорго жөнөтө алышат.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий