• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 483 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. 10нан 16-декабрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 483 азыр жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын 109у каттоого алынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын баасма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандардын көбү маалымат алуу, тактоо иретинде чалышкан.

Мэриянын басма сөз кызматы арыз жана кайрылуулар үчүн 185 менен 1840 номерлери күнү-түнү иштей тургандыгын билдирет. Ошондой эле жарандар 0554 182-185 номерине көйгөйлүү маселелер боюнча сүрөттөрдү жиберсе болот. Андан тышкары мэриянын ыкчам кызматы 1850 номери аркылуу арыз-даттанууларды кабыл алат.

Ошондой эле, калаа башчылыгы шаардагы көйгөйлүү маселелер боюнча төмөнкү жооптуу адамдарга кайрылууларын өтүнөт:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий