• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкек мэриясынын колл-борборуна бир жумада 788 арыз жана кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 12-январынан 18-январына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна шаар тургундары тарабынан 788 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 109 кайрылуу.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, катталган кайрылуулардын жана арыздардын ичинен 55 кайрылуу аткарылды.

"Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борборуна 185 жана 1840 номерлери аркылуу күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыздар жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыздар", - деп эскертилет басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий