• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана калаанын вице-мэрлери Кытайда өндүрүлгөн Sinopfarm COVID-19га каршы вакцинаны алышты. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 14-майга карата 13 миң 704 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинде 65 жаштан ашкан карылар, дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана шаардыктар.

Эске салсак, үч жума мурун Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган.

"Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Ага байланыштуу беткап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң натыйжалуусу эмдөөдөн өтүү сунушталат", - деп айтылат маалыматта.

Бардык суроолор боюнча "Эмдөө" ишеним телефонуна 313297, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий