• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэриясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен театрга барышты

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Свердлов районунун акими мектеп окуучулары менен биргеликте режиссер-коюучу Бекпулат Пармановдун “Абдан жөнөкөй окуя” аттуу спектаклине барды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муниципалитеттин өкүлдөрү жогорку класстардын окуучулары менен “Балдарга жана жаштарга достук шаар” конкурсунун алкагында Бишкек шаардык театрында спектакль көрүштү.

Андан соң Осмонов балдар менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Борбор Азия өлкөлөрүндө Бекпулат Пармановдун аты таанымал. Ал - КМШ өлкөлөрүндө ондогон спектаклдерди гана койбостон, ал өлкөлөрдүн театралдык жогорку окуу жайларында да сабак берген казакстандык жалгыз режиссер. Анын иштерин жакынкы чет өлкөлүк кесиптештерди эргүү менен эскерип, талантына таазим кылышат.

Пирманов Бишкекте өтүп туруучу “Импульс” эл аралык театралдык фестивалдын туруктуу эксперти.

Пикир

Оставить комментарий