• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы кызматтан кетти

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Абдрахим Абдрасилов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине муниципалитеттен кабарлашты.

Белгилей кетсек, социалдык түйүндөрдө Абдрасиловдун кызматтан кетүүсүнө маршруттук унаа айдоочуларынын иш таштагандыгы себеп болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Өз кезегинде мэриядан бул ушакты төгүндөштү. Алардын маалыматы боюнча, ал кызматтан кетүү тууралуу арызын мурда эле жазган.

Пикир

Оставить комментарий