• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэриясынын ыкчам чара көрүү “185” кызматына бир жуманын ичинде 667 кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. 2017-жылдын 23-февралынан 2-мартына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматына шаар тургундарынан 667 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Алардын катталганы – 113 кайрылуу. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылуулардын көпчүлүгү сурап-билүү иретинде болгон жана операторлор убагында телефон аркылуу жооп беришкен.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматынын иши жогорулатылды. Эми сиз “185” жана “1840” номерлери боюнча күнү-түнү чалууларды жүргүзө аласыз жана көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыз.

Шаардык муниципалитет шаар тургундарын катталган бузууларды так даректерин көрсөтүү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу төмөнкү номерлерге арыздарды калтырууга чакырат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557 997 927;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 955 509;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 336 640;

Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 447 154.

Пикир

Оставить комментарий