• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кудайбергенов "SHERATON" мейманканасынын жетекчилиги менен туризм жаатында кызматташууну талкуулады

Коом 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун “SHERATON” мейманканасынын башкы директору Айтекин Караяка жана башкаруучу директору Салих Гунайдин менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Тараптар туризм жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле коноктор мейманкананын ачылышы менен 200 адам иш менен камсыз болгонун белгилешти.

Өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Маалымдама: SHERATON мейманканасы - бул ири эл аралык мейманканалар тармагынын бири, Хилтон менен биринчи орунду бөлүшөт. 1937-жылы негизделген.

Мейманканада "стандарт", "жогорку стандарт", "люкс" жана "хандык батирлер" категориясындагы 183 бөлмө бар. Мындан тышкары, конгресс-холл, 1000 адамга эсептелген жыйындар залы, жыйындар бөлмөлөрү, спа-фитнес борбору, барлар жана ресторандар жайгашкан.

Бишкектеги мейманкананын ачылышы 2019-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн. Имараттын жалпы аянты 14 875 чарчы метрди түзүп, 22 кабаттан турат. Анын эки кабатына 400 унаага ылайыкташтырылган унаа токтотуучу жайы жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий