• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу COVID-19га каршы вакцинанын экинчи дозасын алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбердиев COVID-19га каршы «Синофарм» кытай вакцинасынын экинчи дозасын алды, деп билдирет муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт жана аны каалоочулардын ар бири ала алышат. Сиздерди түшүнүүчүлүккө жана жарандык тилектештикке чакырабыз, вакцина - өзүңө жана жакындарыңа кам көрүү.

"Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор менен "Эмдөө" ишеним номерине: 313297 жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот", - деп айытлат маалыматта.

Sinopfarm вакцинасын төмөнкү даректерден алууга болот:

• Ленин районунун БҮМБ- 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май районунун БҮМБ- 32 55 71; 0550 701 002;
• Свердлов районунун БҮМБ- 63 51 22; 0505 286 670;
• Свердлов районунун №4 ҮМБ - 0709 828 314;
• Свердлов районунун №8 ҮМБ - 0551 117 744;
• Свердлов районунун №9 ҮМБ - 0778 376 662;
• Биринчи май районунун №14 ҮМБ - 0500 008 208;
• Биринчи май районунун №16 ҮМБ - 0550 651 170;
• Октябрь районунун №15 ҮМБ- 0703 210 476;
• Октябрь районунун №19 ҮМБ- 0709 655 540;
•Ленин районунун Калыс-Ордо жаңы конушундагы медициналык амбулатория, №13 ҮМБ - 0550 500 845;
• Свердлов районуна караштуу “Учкун”, “Бакай-Ата”, “Кара-Жыгач” ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0505 286 670;
• Свердлов районунун «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №8 ҮМБ медициналык амбулаториясы - 0551 117 744;
• Биринчи май районундагы №14 ҮМБ “Ак-Бата”, “Ак-Босого” жаңы конуштарындагы медициналык амбулаториясы - 0500 008 208;
• Темир жол ооруканасынын поликлиникасы - 0773 261 250.

"Гам-Ковид-Вак" эмдөөсү (Sputnik V) төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:

• Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15: 0703 293 793 ;;
• Ленин районунун БҮМБ №2 ҮМБ - 64 45 57; 0505 111 330;
• Биринчи май району БҮМБ №7 ҮМБ - 0550 151 528;
• Свердлов району БҮМБ №8 ҮМБ - 63 51 22; 0505 286 670.

Пикир

Оставить комментарий