• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы менен шаардык кызматтар 1999-жылдын 16-июнуна чейин жана андан кийин курулган азыркы турак жай курулушу үчүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана борбор калаанын конуштарын жакшыртуу маселелерин улантууда.

Жарандар менен жолугушуулардын жана көчмө жыйындардын жыйынтыгында борбор калаанын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулуна 26-январга чейин мындай тапшырма берилген:

- 1999-жылдан кийин курулган жеке турак жай имараттарын легалдаштыруу маселесин укуктук жөнгө салуу боюнча сунуш киргизүү;

- Жер тилкелерин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар аркылуу легалдаштыруунун жол-жобосун аягына чыгаруу, алардын мыйзамдаштырылышы үчүн сотторго документтерди берүү (Жогорку Төкөлдөш ж.б.);

- 1999-жылдын 16-июнуна чейин жана андан кийин курулган учурдагы турак жай куруу үчүн жер тилкелерин легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын календардык(этап этабы менен) пландарын иштеп чыгуу жана сунуш кылуу жана Башкы планга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- “Бугу-Эне-Багыш” конушунун жашоочуларынын үйлөрүн электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу.

Ошондой эле Азамат Сагындык уулуна транспорт боюнча калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов менен биргеликте “Бугу-Эне-Багыш” конушуна жаңы каттам линиясын киргизүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

Белгилей кетсек, вице-мэр А.Сагындык уулунун аткаруу пункттары боюнча маалымат белгиленген тартипте берилген эмес, транспорт боюнча вице-мэр А.Алымкулов менен биргеликте аткаруу пункту боюнча маалымат берилген, бирок буйрук аткарылган эмес.

Буга байланыштуу, мэрдин милдетин аткаруучу эки вице-мэрге эскертүү иретинде тартиптик жаза чарасын колдонду.

Пикир

Оставить комментарий