• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Түлөбаев Казакстандын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Шаардык муниципалитетте мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар борбордогу коомдук-саясий кырдаалды талкуулашты. Түлөбаев шаардык кызматтардын, райондук администрациялардын пандемия учурундагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, шаарда абал туруктуу, бардык шаардык кызматтар жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатышат.

Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу боордош-шаарлар жана өнөктөш-шаарлар менен, айрыкча Нур-Султан жана Алматы шаарларынын акимчиликтери менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боордош эки шаар менен бир туугандык мамилелерди түзгөн (1997-жылы Алматы, 2011-жылы Нур-Султан).

Пикир

Оставить комментарий