• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мэринин Жаңы жылдык балатысына 1 миңден ашык бала катышты

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэринин Жаңы жылдык балатысы өттү. Иш-чарада мэр Азиз Суракматов кичинекей бишкектиктерди Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамга 1 миңден ашуун бала катышты. Алардын ичинде мектептин алдыңкы окуучулары, ар кыл конкурстардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, афганчылар, чернобылчылардын жана 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон жана жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары бар.

Майрамдык иш-чарада "Таберик" чыгармачыл тобу балдарга жакшы-жаманды чагылдырган "Убакыт ичинде саякат" аталышындагы музыкалык көрсөтүү тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий