• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек, Москва мэрлери кызматташуу келишимине кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Россиянын Москва шаарындагы “Москва урбанистикалык” форумунун негизинде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин жолугушуусу орун алды.
Кыргыз тараптан жолугушууга Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, шардын вице-мэри Эркинбек Исаков, мэриянын аппаратынын кызматкерлери катышканын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки шаардын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууда Москванын тажрыйбаларын колдонуу жана башка маселелерди талкуулашты.
Мындан тышкары Собянин Кыргызстандын жана Россиянын жарандарына медициналык кызматтарды көрсөтүүдө кошумча келишимге кол кою маселесин карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле, билим берүү, тагыраагы мугалимдердин квалификациясын көтөрүү багытында жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында мэрлер 2018-2020-жылдар аралыгында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданият тармагында кызматташуу келишимине кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий