• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Москва поездине билет баасы 55%га арзандады

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Бишкек-Москва поездине билет баасы 55%га арзандады, эми билет баасы 12 миң 834 сом турат. Бул купе вагонуна болгон баа. Ал эми плацкарт вагонуна жеңилдик менен мындан да арзан 9 миң 767 сомго сатып алса болот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.

"Мындан ары Москвага баруучу жүргүнчүлөр поезд билеттерин купе вагонуна 45 күндөн 41 күнгө чейин алдын-ала сатып алса, билеттин жалпы баасына 55% жеңилдик берилет. Ал эми 40 күндөн 9 күнгө чейин алдын-ала сатып алса 45%га арзан баада сатып алса болот", - деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле арзандатуулар Казань жана Новокузнецк шаарларына баруучу жүргүнчүлөргө да каралган. Болгону купе вагонуна өзүнчө жана плацкарт вагонуна башкача жеңилдиктер бар.

Пикир

Оставить комментарий