• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек мугалимдери инклюзивдик билим берүү боюнча окутуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын педагог, психолог жана логопеддери Европа биримдигинин “Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу” долбоорунун техникалык колдоосу менен атайын окутуудан өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окутуу өзүнө өзгөчө мамилени талап кылган окуучуларды түшүнүү маселелерин камтыган: эмоционалдык жана өзүн-өзү алып жүрүүдөгү бузулуулар, аутизм, баш-сөөгүнөн жарат алгандар жана окутуудагы көйгөйлөр.

“Мындай семинарлар адистерге өлкөдөгү өзгөчө окуучуларга билим берүүнүн жалпы сапатын жакшыртуу үчүн керектүү колдоо жана малымттарды берет”, - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий