• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу унаа толугу менен күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жүк ташуучу унааcы толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-октябрда саат 13:35 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 37-чакырымында (Ивановка айылы) “Мерседес Бенс-Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа толугу менен жана 20 га куураган чөп күйгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий