• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Нарын -Торугарт авто жолунда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. 2018-жылдын 14- майдан 18не чейин Бишкек- Нарын-Торугарт автожолунун 130+300 (130,3) чакырымында таш кулатуу иштери жүргүзүлѳт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 130+300 чакырымында, Боом капчыгайынын ичинде, атайын тоо-таштарын түшүрүү жумуштарын башталарын билдиребиз. Жолго жакын, тик жайгашкан тоо-кыркаларын түшүрүү иштери колго жасалат. Аталган жол участогу маал–маалы менен эртең мененки саат 9 дан кечки 4 кѳ чейин жабылып турат. Автоунаалардын топтолушуна жараша кое берилип жол кыймылын ИИМ, ЖКККБ кѳзѳмѳлгѳ алат. Баардык автоунаалардын айдоочуларын жол эрежесин сактоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий