• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында эки унаа кагышып, үч адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында эки унаа кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-сентябрда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) "Тойота Авенсис" жана "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял жана 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Ошондой эле беш адам - эки эркек, бир аял жана эки жаш бала жараат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий