• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кечээ, 23-мартта саат 17:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 303-чакырымында (Кара-Үңкүр тилкесинде) көлөмү болжол 40 куб метр кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкүнүн 15 куб метри унаа жолго жеткен, жол жабылган эмес. Жабыркагандар жок.

Тартылган күчтүн жардамы менен саат 18:30да жол толугу менен тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий