• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда транспорт кыймылы үчүн чектөө киргизилет

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда транспорт кыймылы үчүн чектөө киргизилет. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1нен 9-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Боом капчыгайындагы 129-131-132-чакырымында таштарды күч менен кулату уиштери жүргүзүлөт.

Таштарды кулатуу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 1нен 19-октябрга чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00дөн 15-00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Автоунаа жолунда 30-40 унаа чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий