• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.17./Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-октябрда саат 11:16 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт 86,5-чакырымында катталган.

Анда, Хово цементовоз үлгүсүндөгү унаа менен КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагылыша кеткен.

“Биринчи унаанын айдоочусу 21 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну, ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Казакстандын Шымкент облусунун 1975-жылы туулган К.С., аттуу жараны. Жол кырсыгынын кесепетинен “Хово” унаасынын жүргүнчүсү ар кандай жаракаттары менен Кемин райондук ооруканасына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМден билдиришкендей, окуя болгон жерде куткаруучулар жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий