• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун 44-чакырымында “Mercedes” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылып, натыйжада 3 адам каза болгон.

Кырсык катталган жерге КР ӨКМдин куткаруучулары барып, унаадан маркумдардын жансыз денелерин чыгарып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий