• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 6 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 210-чакырымында 12-ноябрь күнү саат 23:22лер чамасында Хонда HR-V жана "Гольф 3" үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 6 эркек киши жабыркаган (1999-жылы туулган, 1999-жылы туулган, 1999-жылы туулган, 1983-жылы туулган, 1983-жылы туулган, 1984-жылы туулган).

Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий