• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркаган. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Audi S4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги бордюрду сүзгөн.

"Натыйжада үч адам ар кандай жаракат алган. Жерине куткаруучулар барып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий