• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу жарым-жартылай жабылат. Себеби

Аймак 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 118-чакырымында 10-13-май аралыгында таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

“Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий